Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

УКМК Кубанычбек Жумалиев боюнча билдирүү таратты

29.03.2021 16:08
628
УКМК Кубанычбек Жумалиев боюнча билдирүү таратты

Улуттук коопсуздук  мамлекеттик комитети 24.kg маалымат агенттиги өз булактарына таянуу менен “Кубанычбек Жумалиев УКМКнын СИЗОсунан жеке клиникага жаткырылды” деген аталышта тараткан маалыматты четке какты.


Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиев Бикард клиникасында ооруканага жаткырылгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына кайтарылгандыгын билдирет.


Мындай текшерилбеген маалымат адамдарды адаштырып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайылап жалган маалымат тараткандар  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн