Президенттикке талапкер Курсан Асановдун аялы алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу 7-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк инвестор У.Кга карата арыз жазып, ишти териштирүүнү суранган. Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ачылган.
"У.К. чет өлкөлүк А.О. аттуу жарандан чогуу бизнес баштоо үчүн 5 миллион доллар алган. У.К. аны кайтарып берүүдөн баш тарткан. Бул иш иликтенүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилген", - деп жазылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн