Бугу 11, 2024
Убакыт: 14:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

УКМК Максат Сабировдун элди көтөрүлүшкө чакырган аудио жаздыруусу боюнча тергөөнү баштады

13.07.2020 09:17
1280
УКМК Максат Сабировдун элди көтөрүлүшкө чакырган аудио жаздыруусу боюнча тергөөнү баштады


Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы социалдык тармактарда тарап жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун аудио жаздыруусу боюнча иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө күч менен ачык чакырык салган бул кайрылуу боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Экспертизанын жана тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилип, КРнын тиешелүү мыйзамдарынын алкагында чара көрүлөт.

Максат Сабиров журналистке комментарий берип жатып, эмне тууралуу сөз болуп жатканын түшүнбөгөнүн, учурда ал ооруп жатканын билдирген. “Менин досумду тоноп, өлтүрүп кетишкенин уктум. Ошол учурда суроо салдым: "кандай мамлекетте жашап жатабыз?" деп. Бирок менин бийликке каршы чыгайын деген оюм жок. Жөн гана бийлик эмне үчүн иштебейт деп сурадым”, - деп түшүндүрдү эл өкүлү.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн