Жалган курандын 10, 2025
Убакыт: 17:06
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
0.970
1.010

УКМК Максим Бакиевдин Кыргызстанга келгендиги тууралуу маалыматка комментарий берди

10.03.2025 12:44
28
УКМК Максим Бакиевдин Кыргызстанга келгендиги тууралуу маалыматка комментарий берди


Качып жүргөн президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы жергиликтүү ММКларга билдирди.


Иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнүн Facebook баракчасына Максим Бакиевдин сүрөтүн жарыялап, анын Бишкекке жеке учак менен келип, мейманканалардын бирине жайгашканын жазган.


«Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Эгерде Максим Бакиев чындап эле борборго келгенде, ал дароо кармалмак», — деп белгиледи УКМК.


2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаров Курманбек Бакиев, анын бир туугандары жана балдары расмий издөөдө экенин, эгер алар Кыргыз Республикасына келсе, дароо камакка алынарын билдирген.


Эске салсак, Максим Бакиев 2014-жылы үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Өкүм сырттан жарыяланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн