Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 16:40
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

УКМК Матраимовдон алынган батирлерди мамлекеттин менчигине өткөрүп берет

26.12.2020 12:33
936
УКМК Матраимовдон алынган батирлерди мамлекеттин менчигине өткөрүп берет

Кыргыз Республикасынын бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары берилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине батирлерди бөлүштүрүү маселеси каралбайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


"Берилген мүлк белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине алынат", - деп айтылат билдирүүдө.


Буга чейин, 24-декабрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында Матраимовдордун батирлери эмне үчүн УКМК кызматкерлерине өткөндүгүн түшүндүрүп берген.


Журналист андан эмне үчүн бул кыймылсыз мүлк дарыгерлерге же мугалимдерге берилген эмес деп сурады. «Ооба, бизде көйгөйлөр көп, бизде дарыгерлер бар, бирок бул 90 же 900 батир эмес. Болгону 9 гана батир, биз аларды мамлекеттик менчикке айландырдык. Бул батирлерди УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп берүүнү чечтик, алар көптөгөн жылдар бою ижарада жашап, УКМКга кызмат кылып келишкен», - деп түшүндүрдү К.Ташиев.


Жалпысынан, УКМК билдиргендей, Р.Матраимов 1,4 миллиард сом акчасын кайтарып берип, 1 соода борборун жана 9 батирди 600 миллион сомго баалап которгон.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн