Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:17
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК: Матраимовдун мүлкү чет өлкөдө табылса, тергөө иштери улантылат

15.02.2021 12:20
989
УКМК: Матраимовдун мүлкү чет өлкөдө табылса, тергөө иштери улантылат


Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун Р.Матраимовго карата чыгарган өкүмүнө карата эки тараптуу пикирге байланыштуу, Тиешелүү структуралардын түшүндүрмөлөрүнөн тышкары УКМК төмөнкүлөрдү коомчулукка жеткирүүнү зарыл деп эсептейт.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Р.Матраимовго карата, коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, кыймылсыз мүлктү камакка алуу жокко чыгарылсын жана кызматташтык үчүн келишимде каралган 5-категорияга ылайык айып түрүндө жаза колдонулсун деп өкүм чыгарган. Ошол эле учурда, сот жазалоо жана кызматташуу келишиминде каралбаган мүлктү конфискациялоо укугуна ээ эмес.


Көрсөтүлгөн кылмыш ишинен тышкары, А.Саймайтинин айткандары туралуу УКМК ар кандай банктар аркылуу Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине байланыштуу 700 миллион АКШ долларынан ашык кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.


Чет өлкөлөрдө кымбат баалуу кыймылсыз мүлктүн бар экендиги жөнүндө маалыматтарды Жалпыга маалымдоо кражататрында бир нече жолу жарыялангандыгына байланыштуу, Р.Матраимовго таандык экендиги жана анын аталган каражаттарды А.Саймаитини чыгарып кетүүгө катыштыгы бар экендиги такталып, тергөө бул мүлктү аныктоону улантууда.


Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Түркия Республикасына, Дубай Эмиратына, Украина Республикасына жана Россия Федерациясына юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык өтүнүчтөр жөнөтүлдү.

Белгилей кетүүчү нерсе, анын мүлкүнүн бар экендиги жөнүндө жоопторду алгандан кийин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары улантылып, мүлкү камакка алынып, Р.Матраимовдун аракеттерине юридикалык баа берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн