Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК: Көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз куруунун системалуу фактысы аныкталды

УКМК: Көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз куруунун системалуу фактысы аныкталды

Курулуш компанияларынын биринин катышуусунда мыйзамсыз курулуш жөнүндө аныкталган коррупциялык схемалар боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Мурда маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК ККК Архитектуралык-курулуш көзөмөлү жаатындагы туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында тийиштүү шаар куруу жана уруксат берүүчү документтерсиз, көп кабаттуу үйлөрдү куруунун системалуу фактылары аныкталды.  


Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жана курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө жыйынтыгында укуктук баа берилет.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мыйзамсыз тургузулган объектилер инженердик коммуникациядан ажыратылып, курулуш иштери токтотулган.


Мындан тышкары, мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын аймагына мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузуу, ошондой эле мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компанияларга курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү укугуна берилген лицензияларды жокко чыгаруу боюнча сот органдарында тиешелүү сот иштери башталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн