Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:47
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

УКМК: Мыйзамсыз ташылып келинген дары-дармектердин ири партиясына бөгөт коюлду

16.04.2024 11:54
115
УКМК: Мыйзамсыз ташылып келинген дары-дармектердин ири партиясына  бөгөт коюлду


КР УКМК жана Мамлекеттик салык кызматынын Эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгы менен биргеликте мыйзамсыз ташылып келинген дары-дармектердин ири партиясына  бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, экономикалык коопсуздукка зыян келтирүүчү кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, «Ак-Тилек автожол» өткөрүү жайында жүк ташуучу документтери ишенимсиз болгон «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалып, ал жерден үй буюмдарын ташып келүү шылтоосу менен алдын ала наркы 50 млн.сомдон ашык болгон ири өлчөмдөгү кымбат баалуу дары-дармектердин 50 кутучасы табылган. Текшерүүнүн натыйжасында аталган товарлардын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып кирүүгө КР Салык органдарында эсепке алуу үчүн тиешелүү документтери жок болуп чыккан.


Учурда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн фактыга кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн