Улуттук коопсуздук комитети айрым маалымат сайттарына УКМК кызматкерлери муфтий шайлоого аралашты деп тараган маалымат чындыкка дал келбесин билдирди.
“УКМК Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын шайлоосуна кийлигишкенге укугу жок. Баш мыйзамда дин мамлекеттик башкаруудан бөлүнгөн”, - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Руслан Бекназаров УКМКнын айрым кызматкерлери Муфтийди шайлоодо дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө кийлигишип жатканын айтып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн