Бугу 01, 2024
Убакыт: 00:47
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

УКМК: Мунапыс үчүн адамдардан акча чогулткан алдамчы кармалды

21.12.2020 13:49
493
УКМК: Мунапыс үчүн адамдардан акча чогулткан алдамчы кармалды

Түрмөдө жаткандарды мунапыс менен бошотуу үчүн акча алынып жатат деген маалыматка ылайыкУКМК төмөнкүлөрдү билдирет.


Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө белгилүү бир жаран өзүн Муканбетов Санжар Турдукожоевич деп тааныштырып, УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин жакын тууганынын артында жашынып, абактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча талап кылышкандыгы аныкталды.


Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылында №1 жаза аткаруу мекемесинде жаза өтөп жаткан 1987-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны "Алдамчылык", "Документтерди жасалмалоо" жана "Качуу" беренелери менен айыпталган  Салибаев Санжар экени аныкталды.


Өзүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруу үчүн, алдамчылык жолу менен айрым жарандардын ишенимине кирип, акча алган.

Азыркы учурда, топтолгон материалдардын жыйынтыгы боюнча, сотко чейинки өндүрүш ачылган.


Эске салсак, мунапыс жарыялоо УКМКнын компетенциясына кирбейт, анткени “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуунун предмети сот органдары болуп саналат.


УКМК эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калсаңыз, анда укук коргоо органдарына токтоосуз кайрылууңузду эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн