Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

УКМК: Ош облусунда баңги заттарды жүгүртүү каналына бөгөт коюлду

УКМК: Ош облусунда баңги заттарды жүгүртүү каналына бөгөт коюлду


          2021-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте Ош областынын Кара-Суу районунан баңги заттарды өткөрүүчүлөр аталган Кыргыз Республикасынын жарандары Н.С.И., И.И.Х. жана Кыргыз Республикасынын ИИМ БМЖКК Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору С.Б.Ж.  кармалды.


     Такталгандай, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖКК кызматкеринин карамагында турган кылмыштуу топ, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында алар узак убакыттан бери баңги заттарды өзгөчө ири көлөмдө сатуу менен алектенип жүрүшкөндүгү аныкталды. 


          Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында, жалпы салмагы 550 граммдан ашык гашиш жана 100 граммга жакын героин баңги заттары кармалгандардан алынган.


          Кармалгандар Кыргыз Республикасынын УКМК Ош областык жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

          Азыркы учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн