Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

УКМК Ош шаарында жашыруун иштеген казинону аныктады

12.05.2023 15:54
291
УКМК Ош шаарында жашыруун иштеген казинону аныктады


УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз кумар оюн жайынын бети ачылып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-апрелинде тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө кумар оюн жайынан 327 000 сом акча жана 16 персоналдык компьютер табылып алынган. Ошондой эле, аталган мекеменин жетекчиси Кыргыз Республикасынын Ж.А. аттуу жаранынан 597 200 сом, 4 800 АКШ доллары, 4 000 рубль жана 4 процессор табылган.


Учурда уруксаты жок иштеп жаткан кумароюн жайларын аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн