Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:01
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

УКМК: Ошто ишкерлердин акчасын алдоо жолу менен ээлеп алгандар кармалды

24.09.2024 13:12
257
УКМК: Ошто ишкерлердин акчасын алдоо жолу менен ээлеп алгандар кармалды


Жеке ишкерлердин акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алган жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4- бөлүгүнүн 1- пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусунун А.М. жана Н.У.С. аттуу тургандары кармалды. Алар УКМК төрагасынын атына жамынып алып, жеке ишкерлердин ири суммадагы акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алышкан.

Мындан тышкары, Ош облусунун тургуну М.Ш.га тиешелүү болгон Ош шаарындагы батирдин бир бөлүгүн жасалма документтер менен алар тараптан мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мыйзамсыз аракеттердин башка фактыларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК ушул сыяктуу кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет, ошондой эле жогоруда кармалган адамдардын аракеттеринен жапа чеккен жарандарды атайын кызматка кайрылууга чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн