Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 00:31
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

УКМК: Ошто жарым миллиард сомдук жер мамлекеттин балансына кайтарылды

08.01.2025 16:14
382
УКМК: Ошто жарым миллиард сомдук жер мамлекеттин балансына кайтарылды


Лос-Анжелесте токойдогу өрттөн улам 30 миңдей адам эвакуацияланды. 

Reuters агенттиги маалымдагандай, өрттөн кийин өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланды. 

Тилсиз жоо 7-январда Лос-Анжелестин Пасифик-Палисейдс районунда башталган. Өрттөнгөн жердин аянты 1182 гектарга жетип, ондогон турак жайлар күйүп кетти. Өрттү өчүрүүгө учактар тартылды. 

Өрт кырсыгынын айынан 30 миңдей адам эвакуацияланды. Жолдордо тыгындар жаралгандыктан жашоочулар унааларын таштап, жөө басууга аргасыз болду. 96 миң адам электр жарыгысыз калды. Эвакуациянын аймагына АКШнын вице-президентинин резиденциясы да киргени айтылды. 

Лос-Анжелестин өрт кызматы тилсиз жоодо эч ким жабыркабаганын кабарлады. Расмий маалыматтар боюнча, өрт 25 миңден ашуун адамга жана 10 миң турак жайга коркунуч туудурууда. Лос-Анжелестеги өрткө байланыштуу АКШ президенти Жо Байден Калифорнияга болгон сапарын токтотту.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн