Бугу 07, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

УКМК Папан айылынын тургундарына жооп берди

03.10.2021 12:04
571
УКМК Папан айылынын тургундарына жооп берди

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынын тургундары Жалпыга маалымдоо каржаттарына КР УКМК иштебейт деп билдирилген жана УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгына болгон нааразычылык дооматарын карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет:


Ош облусунун Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын тургундарынын арыз домматарынын негизинде жарандык сот инстанцияларынын отурумдары болуп өткөндүгү аныкталды. Анда Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары аларга таанымал болгон “үлүш” жерлерине Папан айыл аймагынын тургундары мыйзамсыз үйлөрдү куруп алганын белгилеп, мыйзам чегинде курулуш иштерин токтотуп, курулуп калган үйлөрдү сүрдүрүп берүүнү өтүнүшкөн.


Аталган "үлүш" жерлер Жогорку соттун 2021-жылдын 28-июнундагы чечимине ылайык мыйзамсыз курулуш деп табылып, сүрдүрүү иштери Кара-Суу районунун сот аткаруучулар кызматына жүктөлгөн.


Муну менен катар буга чейин мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Папан айыл аймагынын тургундарына “үлүш” жер ээлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан бир нече ирет курулуш иштерин токтотуу боюнча эскертилген.


2021-жылдын 28 сентябрь күнү сот аткаруучулар баштаган комиссия тарабынан аталган жерде курулуп бүткөн мыйзамсыз 14 үйдүн 2 үйү сүрдүрүлгөн.


Аталган чечим жарандык тартипте каралган соттук чечим болуп саналат жана бул чечимге КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана жетекчилигинин эч кандай тиешеси жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн