Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:12
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

УКМК: Пара талап кылуу фактысы менен ИИМдин кызматкери кармалды

УКМК: Пара талап кылуу фактысы менен ИИМдин кызматкери кармалды
2020-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери «З.Ж.А.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. 


Кармалган адам арыз ээсине карата сотко чейинки процессте жоопко тартылбаганы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.



Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн