Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

УКМК: Пара талап кылууга шектелип милициянын подполковниги жана майору кармалды

04.04.2024 11:06
91
УКМК: Пара талап кылууга шектелип милициянын подполковниги жана майору кармалды


Опузалап пара талап кылуу фактысы менен милициянын подполковниги жана майору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.


Ага ылайык, шектүүлөр ички иштер органдарындагы коррупцияны аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында 3-апрелде кармалган.


"160 миң сом пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек ШИИБдин тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү, милициянын подполковниги К.Б.М., Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын майору А.А.Э., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган А.Э.Э. аттуу жаран кармалды", — деп жазылат маалыматта.


Тергөөдө алар жаранга кылмыш ишин козгоп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен акча талап кылынгандыгы аныкталды.


Шектүүлөрдүн кызматтык бөлмөлөрүн тинтүүдө пара катары талап кылынган каражаттын бир бөлүгү 80 миң сом, ошондой эле 30 миң сомдон ашык суммадагы башка далилдер (төлөнгөн чектер жана квитанциялар) табылган.


Кармалгандар 3-апрелде Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн