Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:05
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

УКМК Раим Матраимовдун иши боюнча билдирүү таратты

УКМК Раим Матраимовдун иши боюнча билдирүү таратты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Р.Матраимовго карата сотко чейинки өндүрүштү улантууда.Анын алкагында бүгүнкү күнгө чейин бажы кызматынын башка кызматкерлеринин коррупциялык схемаларга тиешеси бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. 


Ошол эле учурда, аталган мекемеде коррупцияга аралашкан айрым бажы кызматкерлеринин аракеттеринен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер иштер улантылууда.


Тергөө мурунку жана учурдагы бажы кызматкерлеринин атайын тобу тарабынан тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучуларына колдоо көрсөткөндүгү үчүн акчалай сый-акыларды тутумдуу түрдө алгандыгын тастыктаган далилдерди алуу процесси улантылууда.


Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча УКМК кеңири маалымат берет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн