Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялаганы айтылууда

26.01.2024 14:58
186
УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялаганы айтылууда


УКМК Бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялады. Бул тууралуу маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен жазып чыгышты.


Алардын айтымында, Райымбек Матраимов КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси «Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда мажбурлап камакка алынган адамдын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү» боюнча шектелүүдө.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул маалымат боюнча комментарий бере элек.


Буга чейин күзүндө Райымбек Матраимов Кыргызстандан Түркияга, андан ары Дубайга кетиши мүмкүн экени айтылган. Kaktus.media билдиргендей, ал мамлекеттик бюджетке бир нече жүз миллион сом төлөп берем деп убада берип, бирок милдеттенмесин аткарбай, изин жашырып кеткен.


Эске сала кетсек, Райымбек Матраимов 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2020-жылдын октябрында бийлик алмашкандан кийин ага бажыдагы коррупция боюнча айып тагылган. Бир кылмыш иши боюнча эле Райымбек Матраимов келтирген жалпы чыгым 2 миллиард сомду түздү. Алардын көбүн мүлк – имарат жана батир түрүндө берип, эки ай төлөп берген. Экс-бажы кызматкери күнөөсүн мойнуна алган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 260 миң сом айыпка жыккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн