Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

УКМК Рыскелди Момбековду жасалма диплом алган деп билдирүүдө

19.11.2021 09:36
492
УКМК Рыскелди Момбековду жасалма диплом алган деп билдирүүдө

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков жогорку билими боюнча дипломду мыйзамсыз алган. Бул туурасында УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Жаналиев БШКнын 18-ноябрдагы отурумунда айтты.


Маалымата ылайык, тергөө бөлүмдүн атайын кызматы 2020-жылдын 5-мартынан бери Рыскелди Момбековго байланыштуу "документтердин жасалмасы” беренеси боюнча ишти териштирип жатат.


"Кыргыз улуттук университетинин 1997-жылы сырттан окуу бөлүмүнө студенттерди кабыл алуу жана 2003-жылы сырттан окуу бөлүмүн "Юриспруденция" адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Момбеков көрсөтүлгөн эмес. 2003-жылы Бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча (№196 каттоо номери) Михаил Стародубовго берилген. Момбековго аталган окуу жайдын диплому берилген эмес. 2011-жылы Рыскелди Момбеков Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи жогорку билимди алган. Талапкердин биринчи жогорку билими жок болгондуктан экинчи жогорку билимди ала алмак эмес", - деп билдирген бөлүм жетекчиси.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн