Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:08
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

УКМК Шаирбек Бопоновдун кармалышы боюнча кенен маалымат берди

УКМК Шаирбек Бопоновдун кармалышы боюнча кенен маалымат берди

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Актилек-Автодорожный" көзөмөл өткөрүү пунктундагы Чүй ОИИБдин Жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан пара алуу боюнча системалуу фактыларды каттады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору документтерди текшерүү шылтоосу менен эл аралык жүк ташууга катышкан автоунаалардын айдоочуларынан тынымсыз 500дөн 5000 сомго чейин акча каражатын алышкан. Ошол эле учурда, аталган өткөрүү пункту аркылуу күн сайын жүк ташуу 100дөн 200гө чейин унааларды түзөт.


2020-жылдын 24-декабрында, ИИМдин Ички иликтөө кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чараларынын натыйжасында, Чүй ОИИБдин Жол-кайгуул кызматынын 3 инспектору кармалган: М.Т.М., Ш.Р.М., А.С.А.


Бул коррупциялык схемага катышкандыгы үчүн Чүй ОИИБдин Жол кайгуул кызматынын башчысы, милициянын полковниги Б.Ш. (Шаирбек Бопонов).

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн