Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:12
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

УКМК СИЗОсу карантин жарыялады, эч ким киргизилбей жатат

15.07.2020 09:36
1088
УКМК СИЗОсу карантин жарыялады, эч ким киргизилбей жатат


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин СИЗОсунда карантин жарыяланды. Бул тууралуу юрист Сергей Слесарев 24.kg агенттигине билдирген.

Анын айтымында, абакка келүүлөр жана жолугушуулар токтотулду. Тергөө изоляторуна бир дагы жактоочу жана камакта жаткандардын укук бузуулары боюнча мониторинг жүргүзгөн укук коргоочулар киргизилбей жатат.

Азыр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу кандай экени мага белгисиз”, - деп билдирди жактоочусу Сергей Слесарев. Ошондой эле ал СИЗОдо камалгандардын канчасы ооруп жатканын билбей турганын айтты. Анын бул маалыматы боюнча УКМК азырынча комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, мурдараак тергөө изоляторунда 11 кызматкер ооруп жатканы маалымдалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн