Бугу 01, 2024
Убакыт: 22:57
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

УКМК: Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

18.09.2022 15:36
356
УКМК: Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал тынч


18-сентябрь саат 14:00гө карата Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал тынч, турукташууга багыт алды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чек ара сызыгында эскалация аракети жана ок атуу байкалган жок. Тараптар ок атпоо жана тиешелүү күчтөрдү чыгарып кетүү боюнча келишимдерди сактап, бул багыттагы иштер улантылууда.

Тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу багытында иштерди алып барууда.

Министрлер кабинетинин орун басары – КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кырдаалды жөнгө салуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоону улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн