Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтү Замирбек Тургунбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, ал сотко чейинки ачылган кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу кылмыш ишинин негизинде кармалган.
Киров айылындагы мектептин курулушунун чыгымы негизсиз түрдө 24 миллион сомго чейин чыгып кеткен. Мындан сырткары Тургунбаев жооптуу адамдар менен келишип алып мамлекетке зыян келтирген.
Бүгүнкү күндө тергөө амалдары уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн