Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:57
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

УКМК Сокулуктагы жерлерди мыйзамсыз сатып жүргөн адамды кармады

12.04.2024 11:13
94
УКМК Сокулуктагы жерлерди мыйзамсыз сатып жүргөн адамды кармады


Сокулук районундагы мунапыстагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу менен алектенген “жер мафиясынын” мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти. 

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мурда “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга ылайык мунапыс берилген жер тилкелерин алдамчылык жолу менен мыйзамсыз сатуунун туруктуу схемасы аныкталып, алардын уюштуруучулары К.А.А. жана К.К.К кармалды.

Тактап айтканда, “Гектарщик” жер мафиясы дегендердин мүчөлөрү алдамчылык схемасын уюштуруп, мурда мунапыс алган жер тилкелерине ээлик кылып, потенциалдуу сатып алуучуларды таап, аларга жер тилкесин тескөө боюнча ишеним каттарды беришкен.

Ошол эле учурда жер тилкелери үчүн акча каражаттарын алгандан кийин, аталган схеманын уюштуруучулары Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү арыз берүү менен жокко чыгарышкан, тагыраагы сатып алуучуларга мүлккө болгон укуктарын каттоого мүмкүнчүлүк берилген эмес. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында сатып алуучулар өзгөчө ири чыгымга учурашкан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында К.А.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Сокулук райондук бөлүмүнүн кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү, ошондой эле алдамчылык схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн