Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:04
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

УКМК: “Таранчы” каймана аттуу УКТ мүчөсү кармалды

01.04.2024 10:00
164
УКМК: “Таранчы” каймана аттуу УКТ мүчөсү кармалды


2024-жылдын 26-мартында Ош шаарынын аэропортунда маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Н.Н.К. кармалды. Ал “Таранчы” каймана аты менен белгилүү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен фирмаларынын жумушчуларына салык салуу аракетин көргөндүгү аныкталды.

Учурда Н.Н.К.га карата опузалоо фактысы боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК аталган Н.Н.К.нын кылмыштуу иш-аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды УКМК нөөмөт кызматына кайрылуусун өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн