Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

УКМК: Ташов менен Куреновдун мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине катышкан активдүү өнөктөштөрү кармалды

11.01.2024 15:55
206
УКМК: Ташов менен Куреновдун мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине катышкан активдүү өнөктөштөрү кармалды


"KG Групп" курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташов менен Тилек Куреновдун мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине катышкан активдүү өнөктөштөрү кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик (УКМК) комитеттин басма сөз кызматы. 

Мурда маалымдалгандай, КР УКМКсы конституциялык түзүлүштү жана эгемендүүлүктү коргоо маселелерин чечүүнүн алкагында И.Ташов жана Т.Күренов (Т. Кудайберген уулу) тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштуруу менен бийликти күч менен басып алуу боюнча даярдыктарды көрүү фактысын аныктаган.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө жана 245-беренесинде каралган “Бийликти күч менен басып алуу”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу” кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Бүгүнкү күндө И.Ташов менен Т.Куренов тергөөдөн жашырынып, кылмыш ишинин алкагында издөөгө алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан И.Ташовдун жана Т.Куреновдун ондогон тарапташтары жана активдүү өнөктөштөрү аныкталып, алар тиешелүү түрдө суракка алынып, толук көрсөтмөлөр берилген. Анын ичинде И.Ташовдун даярдалып жана уюштурулган иш-чараларды финансылык жактан каржылоосу боюнча маалымат алынды.

Натыйжада айрым негизги тарапташтары кармалды, аларга карата бийликти кулатуунун кылмыштуу пландарына катыштыгы бар экендиги тууралуу ырастоочу маалыматтар алынган.

М.А.И. аттуу жаран Ош жана Жалал-Абад облустар боюнча координатордун милдетин аткарып, ар кандай негиздер боюнча (кандайдыр бир социалдык-экономикалык чыңалуу, ККМ, ЭТТН көйгөйлөрү ж.б.) массалык нааразылык акцияларын өткөрүү үчүн адамдарды чогултуп, уюштурушу керек болгон, ошондой эле, анын милдеттерине акча таратуу жана адамдарды Бишкекке ташууну уюштуруу кирген.

Мындан тышкары, Талас облусунан К.А.К. аттуу жаран алып келинип, кармалды, анын негизги милдети АКШда ар кандай адамдардан акча которууну уюштуруу болгон. Мындан тышкары, И.Ташовдон анын наамына ири өлчөмдөгү акча каражаттары которулгандыгы боюнча бир нече фактылар аныкталган.

И.Ташовдун жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири акча каражаттар, кымбат баалуу унаалар жана башка материалдык баалуулуктар табылып, алынды.

Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана төңкөрүштү уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн