Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

УКМК Темировдун кармалышына, Temirov LIVE журналистине байланыштуу тараган видеого тиешеси жок экенин билдирди

26.01.2022 17:55
682
УКМК Темировдун кармалышына, Temirov LIVE журналистине байланыштуу тараган видеого тиешеси жок экенин билдирди

 Журналист менен акындын видеотасмаларына УКМКнын тиешеси жок. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айрым адамдардын «интернет тармагында жеке жашоо материалдардын пайда болушуна ведомствонун тиешеси бар экендиги жөнүндө» билдирүүсү боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт:

КР УКМК улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды Конституциянын жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырат.

Атайын кызматтын кызматкерлери коомубуздун туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактоого, ошондой эле жарандардын укуктарын, эркиндиктерин камсыз кылууга бардык күч-аракетин жумшоодо. 


Журналист Б.Темиров, акын Б.Назаровдун кармалышы жана коомчулукта кызуу талкууланып жаткан жеке видеотасмалардын таралышына КР УКМКнын эч кандай тиешеси жок экенин белгилейбиз.


Кээ бир кызыктар жактар атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен аны күнөөлөп, «катуу сөздөрдү, эпитеттерди» айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат.


КР УКМК коомчулукту эмоцияга, ар кандай провокациялык аракеттерге алдырбоого, кандайдыр бир суроолор жаралса, билдирүүлөрү жана жалган жалаалары менен Кыргызстандын коомчулугун адаштырбай, белгиленген тартипте ведомствого кайрылууга чакырат.


Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети коомчулук өзүн бурмалоого жол бербейт деп ишенет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн