Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 04:10
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

УКМК Tik Tok'то мектептеги жардыруу тууралуу тараган маалымат боюнча түшүндүрмө берди

25.11.2021 09:07
468
УКМК Tik Tok'то мектептеги жардыруу тууралуу тараган маалымат боюнча түшүндүрмө берди

TikTok колдонуучусу Бишкек шаарындагы бир нече мектепте терракт болору тууралуу коркунуч туудурган видеолорду жарыялап жүргөн. Анын видеолорун кечээ, 23-ноябрда УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын кызматкерлери көрүшкөн.


УКМК билдиргендей, жогоруда аталган аккаунт 2009-жылы туулган Т.А.Ч.га тиешелүү. Ал — 12 жаштагы эркек бала, 6-класстын окуучусу, борбор калаадагы мектептердин биринде окуйт. Окуучу коркунуч жараткан видеолорду бейбаштык үчүн жарыялап жүргөн.


Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 246-беренесинин (Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо) 1-бөлүгү менен катталды.


Ошондой эле бул окуяга байланышы бар башка жарандар изделүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн