Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

УКМК: Токой чарбасынын жетекчиси УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

07.07.2022 13:49
366
УКМК: Токой чарбасынын жетекчиси УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды


Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук токой чарбасынын башчысы УКМК кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, көчөттөрдү мыйзамсыз кыюу жана аларды жооптуу адамдар тарабынан сатуу фактылары боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча Чаткал районунун токой чарбасынын ишмердүүлүгүнө текшерүү иштери башталган.


Бирок, Чаткал районунун токой чарбасынын башчысы А.К.Д. текшерүү иштерин чечүүгө аракет кылып, кылмыш ишин токтотуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн белгилүү өлчөмдөгү акча каражатын пара түрүндө сунуштаган.


Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 6-июлунда А.К.Д. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара берүү) каралган кылмышты жасоого шектелип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Жалал-Абад ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.


Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн