Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:19
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК: УКМК Таалатбек Масадыковдун кеңешине муктаж эмес

06.08.2021 18:04
899
УКМК: УКМК Таалатбек Масадыковдун кеңешине муктаж эмес

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковдун УКМК тууралуу айткандарына жооп кайтарды.


Коопсуздук комитети бүгүнкү күнү мамлекеттик органдарга, анын ичинде УКМКга жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешүү мурдагыдан да зарыл деп эсептейт. Анткени алар ММК аркылуу жарандарды элдин кызыкчылыгы үчүн аткарылып жаткан иштер менен кабардар кылып турат.


«Бул жагынан алганда УКМК Масадыковдун берген мындай кеңештерине муктаж эмес. УКМК аткаруу бийлигинин маанилүү органы болуп саналат, зарыл болгон учурда конституциялык укугу бар компетенттүү адамдардын кеңештерин жана сунуштарын колдонот. Өз кезегинде УКМК Масадыковду Конституцияда каралган кызматтык милдеттерине негизделген ыйгарым укуктарын аткарууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, Масадыков журналисттердин бирине берген маегинде УКМКнын иши боюнча Камчыбек Ташиевге айрым кеңештерди берүүгө даяр экенин айткан.


«УКМК коомчулукка, ММКларга чыга турган мекеме эмес. Анын өзүнүн ички дүйнөсү, кылган иши тынч болушу керек. Коопсуздук кеңешинин иши да ошол. Мен да маекти биринчи жана акыркы жолу берип жатам. Биздин башчылар менен кеңешип, уруксат алмайынча, маек берилбеши керек. Себеби коопсуздук тармагы тынч иштеши керек. Кээ бир суроолорго жооп бере турган болсоң, президенттин аппаратынын басма сөз кызматы аркылуу жөнөтүү зарыл. Бардык мамлекеттерде ошондой. Бизде Кыргызстанда өзгөчөлүк болуп жатат», — деген ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн