Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 04:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

УКМК: УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчиси Д.Чоткараев кармалды

УКМК: УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчиси Д.Чоткараев кармалды

Башкы прокуратуранын сунушу менен Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык аткезчиликке айыпталып УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы төрагасы Дүйшөнбек Чоткараев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту 12-декабрда Чоткараевдин баш коргоо чарасын карап, тергөө бүткөнгө чейин УКМК тергөө абагында калтырган.


Буга чейин УКМК айрым жеткирүүчүлөр тарабынан 22 кгдан ашык салмактагы алтын зергер буюмдарын УКМК менен тымызын сүйлөшүп алып, мамлекетке 6 миллион сом өлчөмүндө зыян келтиргенге байланыштуу иш тергелип жаткандыгын билдирген.


Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын мурунку биринчи орун басары-директорунун катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн