Бугу 03, 2024
Убакыт: 21:15
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

УКМК: Укук коргоо органдары саясаттан тышкары бойдон калат

08.01.2021 16:23
722
УКМК: Укук коргоо органдары саясаттан тышкары бойдон калат

УКМК кызматкерлери Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин бирине байланыштуу маанилүү билдирүү жасаганы жатат деген социалдык тармактарда жайылтылган маалыматтар фейк экенин билдирет. Бул тууралууу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


"Ошол эле учурда, бул кайрылууда көрсөтүлгөн фактыларды айрым талапкерлер Кыргыз Республикасындагы маанилүү президенттик шайлоо алдында президенттикке талапкерлердин бирин атайын жаманатты кылуу максатында жайылтышууда", - деп айтылат  билдирүүдө.


Буга байланыштуу, КР УКМК башка бийлик жана укук коргоо органдары менен биргеликте деструктивдүү күчтөрдүн чагымчыл иш-аракеттерин алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.


"УКМК жеке саясий жана башка күчтөргө кызмат кылбайт жана ошондой эле айрым топтордун өзүмчүл максаттарына жетүү үчүн саясий курал болуп бербейт. Негизги максаты - элдин жыргалчылыгы жана Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн кызмат кылуу. Ошондой эле күч структуралары жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары экендигин эске салат. Абалды көзөмөлдөө үчүн күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күчтөрү, каражаттары жетиштүү", - деп айтылат маалыматта.


УКМК Кыргыз Республикасынын колдонулган мыйзамдарынын чегинде чагымчыл жана ушул сыяктуу мүнөздөгү башка билдирүүлөрдү тараткандар боюнча жоопкерчилик каралгандыгын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн