Учтун айы 28, 2025
Убакыт: 08:03
USD
87.30
87.80
EUR
91.20
92.20
RUB
0.875
0.915

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топту каржылаган жаран кармалды

27.01.2025 10:44
56
УКМК: Уюшкан кылмыштуу топту каржылаган жаран кармалды


Уюшкан кылмыштуу топту каржылаган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуу топторду жоюу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында К.Н. аттуу КР жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Ал 2013-жылдан бери К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун өкүлдөрү менен тыгыз мамиледе болуп, “воровского общаканы” системалуу түрдө толуктап турган. "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Ч.Жумагулов менен да жакын мамиледе болгон.


Аталган К.Н. уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу менен жарандарга ар кандай басым жасап, тагыраагы шантаж жана коркутуу жолу менен кыздарды зордуктаган. Зордуктоо жана УКТны каржылоо фактылары жабырлануучулардын арыздарынын материалдары менен тастыкталат.


Ыкчам маалыматтарды документтештирүү жана бул кылмыштарга тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу максатында тиешелүү тергөө-оперативдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн