Ош облусунун Кара-Суу районунун тургунун опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топко каршы УКМКнын жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан иш жүргүзүлдү.
УКМКнын басма сөз кызматы 3-июлда маалымдагандай, 1996-жылы туулган А.у.К. жана 1995-жылы туулган Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп турууну талап кылышкан.
Кылмышка шектүүлөр 29-июнда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн