Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:33
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

УКМК: Жакында визалык чектөөлөр алынып, КР жарандары арзан баада биометрикалык паспортко ээ болушат

18.11.2020 13:50
546
УКМК: Жакында визалык чектөөлөр алынып, КР жарандары арзан баада  биометрикалык паспортко ээ болушат

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жакынкы аралыкта КРнын жарандары биометрикалык жалпы жарандык паспорт аларын жана Кыргызстанга коюлган чектөөлөр алынарын билдирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.


Жакынкы аралыкта, Кыргыз Республикасы ICAO PCD компаниясынын маалымат базасына кошулуп, башка мамлекеттердин чек араларынан тоскоолдуксуз өтө алат. Аталган компания Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпы жарандык биометрикалык паспортторду бере баштайт.

Буга чейин, Кыргыз Республикасында биометрикалык паспорттун жоктугунан АКШ администрациясы 2020-жылдын 31-январынан баштап, Кыргыз Республикасынын жарандарына иммиграциялык виза жана грин-картага чектөө киргизген.


2020-жылдын аягына чейин Германиянын Muhlbauer ID Services GmbH компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, жаңы сериядагы биометрикалык паспорттун бланктарынын биринчи партиясы Мамлекеттик каттоо кызматына  407 сомдон жеткирилет.


Кыргыз Республикасында биометрикалык паспортторду киргизүүнү кечиктирүүнүн себептеринин бири болуп 2019-жылы өткөрүлгөн тендер учурунда МККнын айрым кызмат адамдары тарабынан коррупция жана жеке кызыкчылык фактылары жана бланкаларды жогору баада жеткирүү боюнча атайын тоскоолдук түзүү аракеттери болгон.


Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, сотко чейинки процесстин материалдарынын алкагында МККнын мурунку жетекчилиги тарабынан мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, тендердин жеңишин туура эмес компанияга берүү жөнүндө чечим кабыл алган коррупциялык фактыларды аныктады.


Эгерде бул келишим түзүлсө, калк үчүн биометрикалык паспорттун баасы 585 сомду түзмөк. Ошол эле учурда, 1,5 миллион бланк жеткирүү боюнча келишимде жалпы айырмачылык 253 миллион сомдон ашмак.

Ошентип, Кыргыз Республикасында электрондук биометрикалык паспорттордун киргизилиши АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу 2020-жылдын 4-ноябрында жарыялагандай, Америка Кошмо Штаттары тарабынан биздин жарандар үчүн визалык чектөөлөрдү кайра карап чыгууга негиз болуп берет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн