Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

УКМК: Жалал-Абад облусунда көмүскө экономиканын көлөмү 30% түзөт

14.03.2024 15:31
404
УКМК: Жалал-Абад облусунда көмүскө экономиканын көлөмү 30% түзөт


Жалал-Абад облусунда көмүскө экономиканын көлөмү 30% түзөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматта айтылат.

УКМК көмүскө экономиканын масштабын аныктоо максатында Жалал-Абад облусунун аймагында иштеп жаткан ишкердик субъекттеринин санына мониторинг жүргүзгөн. Анын натыйжасында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий маалыматтары менен олуттуу айырма аныкталган.

Алсак, Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча Жалал-Абад облусунун аймагында 7077 ишкердик субъект (соода борборлору, дүкөндөр, мейманканалар, кафелер, ашканалар, чач тарачтар, техникалык тейлөө станциясылар ж.б.) расмий катталган жана экономикалык ишмердигин жүргүзүп келет. Бирок жүргүзүлгөн эсептөөдө, облустун аймагында 10132 ишкердик субъект иштеп жаткандыгы аныкталып, бул Мамлекеттик салык кызматынын маалыматынан 3055 субъектке, башкача айтканда, 30,1%га көптүк кылат.

Азыркы учурда КР УКМКнын демилгеси менен мыйзамсыз иштеп жаткан ишкердик субъекттерди көмүскө экономикадан чыгаруу максатында профилдик мамлекеттик органдарды, анын ичинде салык кызматы, санэпидемстанция, архитектура, суу жана энергия менен камсыз кылуучу уюмдарды тартуу менен комиссия уюштурулган.

Бул иш-чаралар субъектерди легалдаштыруу жана алардын ишин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү үчүн багытталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн