Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК: Жалал-Абадда терактка даярдык көрүү иши токтотулду

28.12.2023 09:52
223
УКМК: Жалал-Абадда терактка даярдык көрүү иши токтотулду


2023-жылдын 25-декабрында терроризмге каршы көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын аймагында “Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан” эл аралык террористтик уюмунун жашы жете элек мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, шектүү катары 2007-жылы туулган Р.М.Р. жана У.М.Т. кармалган.


Бул балдар интернет аркылуу “ИМ-ВХ” ЭТУнун катарына кошулуп, чет элдик ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтындагы башкы балатынын жанына колго жасалган жардыруучу түзүлүштү орнотууну пландашкан, ошондой эле Жалал-Абаддагы Успение Пресвятой Богородицы чиркөөсүнө террордук чабуулду жана куралдуу кол салууну уюштурууну көздөп жатышкан.


Алынган мобилдик телефондорду текшерүүдө теракт даярдоонун төгүндөлгүс далилдери, ЭТУнун эмиссарлары менен кат алышуу, иш-чаралардын планы жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча нускамалар, ошондой эле “ИМ-ВХ” ЭТУнун жетекчисине ант берүү видеотасмалары табылган.


Бул фактынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүмүндө (Террордук акт) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №53-жашы жетпегендер үчүн тергөө абагына киргизилип, алардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн