12-декабрда ишкер Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тоюнда 1000дей адамдын катышуусунда өткөн той боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, айрым райондордо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында COVID-19 эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими иштейт.
Массалык иш-чараларды жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө коюлган чектөөлөргө карабастан, ишкер Жалил Атамбаев санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин талаптарын одоно бузуп, ошол эле учурда коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, 1000ге жакын адамдын катышуусунда той өткөргөн.
Белгилей кетсек, Ж.Атамбаевдин уулу КР УКМКнын учурдагы кызматкери.
Учурда Ж.Атамбаев тергөө амалдарына чакырылып тиешелүү суроолорго жооп берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн