Теке 18, 2025
Убакыт: 00:48
USD
87.30
87.80
EUR
100.90
101.90
RUB
1.111
1.135

УКМК Жамалбек Ырсалиевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

17.07.2025 11:13
26
УКМК Жамалбек Ырсалиевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди


УКМК Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин кармалышын чоо-жайын ачыктады. 


Мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, вице-мэр кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган.


"Алты жылдан бери Туңгуч кичи районундагы №36 турак жайдын жанындагы 1500 чарчы жер мыйзамсыз пайдаланылган. Ал жерге төрт жеңил конструкциядагы коммерциялык объект жана беш балдар аттракциону орнотулган. Ырсалиев бул коммерциялык объектилерди мыйзамсыз орнотууга колдоо көрсөтүп, алар мэриянын уруксатысыз иштеп жүрүшкөндүктөн ижара да төлөшкөн эмес", — деп жазылган маалыматта.


Мындан тышкары, Октябрь райондук администрациясы бул жерге сейил бак жана балдар аянтчасын куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук кылганы айтылган. Бул жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын туудурган. 


"Учурда мыйзамсыз иштеп жаткан объектилер демонтаждалып, балдар аянтчасынын курулушу башталды. Ал эми жер тилкенин ижарасынан алынбай калган пайда 2 миллион 979 миң 889 сом көлөмүндө эсептелди", — деп айтылат билдирүүдө. 


Бул ишке байланыштуу Ырсалиев менен бирге В.Н.А. аттуу жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн