Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:12
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

УКМК Жарандык көзөмөлдөө комитетине жооп берди

УКМК Жарандык көзөмөлдөө  комитетине жооп берди

Жарандык көзөмөлдөө комитетинин агрессияга, коркутууларга, анын ичинде терроризм коркунучуна каршы күрөшүүдө жарандардын жана укук коргоо органдарынын аракеттерин бириктирүү боюнча кайрылуусуна байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет.


УКМК жана укук коргоо органдары биринчи кезекте улуттук жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып барат. Атап айтканда, алар жарандык коом, өлкөдөгү жарандардын коопсуздугун, укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жаатында иштеген бардык уюмдар жана коомдук бирикмелер менен тыгыз өз ара аракеттенишет.


Ошондой эле, УКМКга радикализмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча милдеттер жүктөлгөн. Киберкылмыш, террористтик жана башка коркунучтардын алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Учурда УКМК бардык укук коргоо органдары менен бирдикте бул багытта координацияланган иштерди жүргүзүп жатат. Анын аркасында улуттук жана коомдук коопсуздукка келтирилген коркунучтарды өз убагында бейтараптандырууга болот.

Буга байланыштуу УКМК ар кандай чагымчыл чакырыктарды таратуудан алыс болууга жана тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына конкреттүү фактылар менен коркутуулар болушу мүмкүн болгон фактыларды билдирүүгө чакырат.


Ошол эле учурда УКМК жарандарды дагы, жарандык активисттерди дагы өлкөдөгү тынчтыктын кызыкчылыгы үчүн компетенттүү органдар менен өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга чакырат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чагымчыл материалдарды жайылтууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн