Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:19
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

УКМК: Жардам сурап кайрылган карыянын өтүнүчү канааттандырылды

25.07.2024 14:49
324
УКМК: Жардам сурап кайрылган карыянын өтүнүчү канааттандырылды


Жардам сурап кайрылган Абдибап Мусулманкуловдун өтүнүчү канааттандырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда Алай районуна караштуу Сары-Могол айылында жашаган Абдибап Мусулманкулов өлкө башчысына жана УКМК төрагасына кайрылып, кызы Динара Муратовага жана беш небересине өздүгүн тастыктаган документтерин алууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

А.Мусулманкуловдун айтымында, алардын үй-бүлөсү турмуштук кырдаалга жана оор шарттарга байланыштуу документтерди ала алышкан эмес. Буга чейин калкты документтештирүү органдарына бир нече жолу кайрылып, деген менен алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу аракеттери, баштапкы документтерди тариздөө үчүн негиз болуп саналган зарыл далил базасынын жоктугунан улам ийгиликсиз болгон.

Аксакалдын айтымында учурда анын кызы Динара 25 жашта, үй-бүлөлүү, беш баласы бар, бирок туруктуу өздөрүнө таандык үйү жок. Мындан тышкары, өздүгүн тастыктаган документтери жок болгондуктан, балдарды ооруканага да, мектепке да киргизе алышкан эмес. Ошондуктан, аксакал кызынын документтерин алууга жардам берүү өтүнүчү менен өлкө жетекчилигине кайрылган.

Мындан улам, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда А.Мусулманкуловдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана неберелерине баалуу белектер тапшырылды. Ошондогй эле тийиштүү мекемеден билдиришкендей учурда документтерди даярдоо процесси журуп жатат.

Өз кезегинде Абдибап Мусулманкулов президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн