Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:47
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

УКМК: Жети-Өгүздө курал-жарак сакталган жай табылды

02.04.2024 11:07
741
УКМК: Жети-Өгүздө курал-жарак сакталган жай табылды

Жети-Өгүз районунда курал-жарак сакталган жай табылды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 30-мартта УКМКнын Чек ара кызматынын сапёрлор тобунун катышуусу менен жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы эски сүт-товар фермасынын аймагынан курал жарак сакталган жашыруун жер аныкталды, анын ичинде:

  • “РГД-5” үлгүсүндөгү 2 кол гранатасы;
  • 2 даана чет өлкөлүк жарык-үн чыгаруучу граната;
  • 4 түтүн бомбасы;
  • 7,62х54 калибрдеги снайпердик курал үчүн 16 патрон;
  • 5,45х39 калибрдеги Калашников автоматы үчүн 42 патрон табылган.

Аталган факты боюнча курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча иликтөө иштери башталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн