Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 12-сентябрда Жогорку Кеңештин имаратында бир кишини камакка алды.
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын («Альянс») иш бөлмөсүнөн атайын күчтөр колуна кишен байланган кишини алып кетишти.
Бул тууралуу фракция лидери Жанар Акаев парламент жыйынында билдирди. «Бул жерде такыр башка суроо бар. Депутат Молдобекова боюнча суроо жок. Ал азыр Өзбекстанда командировкада», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн