Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 16:38
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

УКМК Жогорку Соттун билдирүүсүнө жооп берди

26.12.2020 11:16
1134
УКМК Жогорку Соттун билдирүүсүнө жооп берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин 2020-жылдын 24-декабрындагы пресс-конференцияда сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу билдирүүлөрүнө комментарий берүүнү зарыл деп эсептейт.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Жергиликтүү сот» долбоорун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу учурунда коррупция фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кызмат адамдарына карата сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Г.Калиеванын кылмыш жоопкерчилигине тартылары жөнүндө төгүндөлгүс далилдер алынды.


Ушуга байланыштуу, тергөө органдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Г.Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына сунуштоо жөнүндө өтүнүч келтирди.


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын макулдугу менен Г.Калиевдин ишинин алкагында кылмыш иши козголсо, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы айткандай ал жоопкерчиликке тартылат.

Бийликтин сот бутагынын өкүлдөрү болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши өзүлөрүнүн позициясын жана бир жактуулугун алдын-ала аныктап алганы тынчсыздандырат.


Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасында бардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей.

Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасында бардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн