Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 18:09
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.010
1.050

УКМК абактагы Мелис Аспековдун билдирүүсү боюнча үн катты

14.05.2021 11:55
1597
УКМК абактагы Мелис Аспековдун билдирүүсү боюнча үн катты


Активист М.Аспеков УКМКнын тергөө камак жайында ур-токмокко алынгандыгы жана тергөө абагынын кызматкерлери кыйноого алынып жаткандыгы тууралуу Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жайылтылган  маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 14-майда билдирүү таратты.


Аталган бул маалыматка текшерүү жүргүзүлүп, М.Аспеков жаракат алгандыгы боюнча көрсөтүлгөн сүрөттөр 2021-жылдын март айынын башында тартылгандыгы аныкталды. 


М.Аспековдун өзүнүн айтымында, ал 2021-жылы 4-мартында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна барганда денесинен жаракат алгандыгын айткан. Ал денеге залал келтирүүнүн келип чыгуу себебин билдирүүдөн баш тарткан жана Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин айткан, буга 2021-жылдын 11-мартындагы түзүлгөн АКТ күбө болуп турат.


Кыргыз Республикасынын УКМК М.Аспековдун бул аракеттерин коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети катары экендигин баалайт.


КР УКМК атайылап жалган маалыматтарды таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертип кетет.


2021-жылдын 7-мартындагы жана 2021-жылдын 11-мартындагы актылар пресс-релизге тиркелет.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ахунбек Эргешов
Туура эмес жалган маалымат тараткан адамдар көп, мыйзам чегинде карагыла!