Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:24
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК активист Олжобай Шакирдин кармалышы боюнча комментарий берди

25.08.2023 12:33
306
УКМК активист Олжобай Шакирдин кармалышы боюнча комментарий берди


Бүгүн, 25-августта УКМКнын басма сөз кызматы активист Олжобай Шакирдин кармалышы боюнча комментарий берди.


Атайын кызматтын билдирүүсүндө айтылгандай, интернетке мониторинг жүргүзүү учурунда Э.О. аттуу аккаунт табылган. УКМКнын маалыматына караганда, колдонуучу социалдык түйүндөрдөгү (Facebook, TikTok жана YouTube) баракчаларына маал-маалы менен чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөрдү жарыялап турган.


Ведомстводон белгилегендей, эксперттик корутунду анын постторунда массалык баш аламандыкка, бийликти күч менен басып алууга жана конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырыктар камтылган.


Натыйжада Олжобай Шакир кармалып, ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу») боюнча кылмыш иши козголгон. Активист УКМКнын СИЗОсуна камалды.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Азамат
Бул айбандарды Кыргызстандан депортация кылыш керек. Кыргыз элине жерине жакшылык алып келбейт. Чет жактан каржыланган уйумдардын баарын ооздуктап турбаса ,булардын бир эле максаты бар башаламандык.