Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 05:17
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

УКМК аткезчилик жүктөрдү мыйзамсыз ташуу боюнча түзүлгөн ири каналга бөгөт койду

29.12.2023 13:16
332
УКМК аткезчилик жүктөрдү мыйзамсыз ташуу боюнча түзүлгөн ири каналга бөгөт койду


Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу жергиликтүү тургундар тарабынан контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташуу боюнча түзүлгөн ири каналга бөгөт коюлду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында Кыргызстан-Өзбекстанга мыйзамсыз ташып келүүгө/экспорттоого багытталган 93 441 460 млн сомдук контрабандалык товарлардын ири партиясы (телевизорлор - 4378 даана, уюлдук телефондор - 3162 даана, дөңгөлөктөр - 265 даана, жез - 2,5 тонна ж.б.) табылып алынды.

2023-жылдын 18-майында Кадамжай райондук сотунун чечими менен кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга тиешелүү болгон 93 441 460 сомдук товарлар мамлекеттин пайдасына алынып, ал эми кызмат адамына пара берүү боюнча Э.Ш.Н., А.у.А., И.А.А., И.А.О., С.у.Э., А.Т.К., А.Н.А. жана С.С.А. күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин эсебине 1 550 000 сом төлөө айып тагылды. Акцизсиз тамекилерди сатуу боюнча КР мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 8 804 220 сом өлчөмүндө айып салынды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик өзүнүн ички буйруктары боюнча конфискацияланган товарларды мамлекеттик ишканаларга өткөрүп берет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн