Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 12:22
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

УКМК бир нече мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз иштерине бөгөт койду

31.05.2023 15:53
685
УКМК бир нече мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз иштерине бөгөт койду


КР УКМК тарабынан Талас районунун “Кадастр” ММ, архитектура башкармалыгынын жана Нуржанов айыл аймагынын айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.


Маалым болгондой, алар 2014-2022-жылдар аралыгында материалдык пайда алуу максатында мораторий коюлган жана сугат айдоо жерлеринин категориясына кирген жер тилкелерин жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыны мыйзамсыз жол-жоболоштуруп беришкен.


Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337- беренесинин 2-бөлүмүнүн (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде кылмыш иши козголду.


Учурда келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн