Тогуздун айы 09, 2025
Убакыт: 21:41
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.065
1.095

УКМК диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүн кармады

09.10.2025 16:37
26
УКМК диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүн кармады


24-сентябрда "Хизб-ут –Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Уюмдун кармалган активдүү мүчөлөрү 1993-жылы туулган Н.А.К., 1992-жылы туулган У.М.И., 1991-жылы туулган Г.К.А. аттуу КР жарандары экстремисттик идеологияны тараткан жана жаңы жактоочуларды тартуу менен алектенген.


Тактап айтканда, У.М.И. экстремисттик ишмердиги үчүн мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.


Жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик маанайдагы диний адабияттар алынып, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатат.


Кармалгандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына киргизилип, аталган уюмдун ячейкасынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


УКМК жарандардын диний-экстремисттик уюмдарды түзүү, алардын ишине катышуусу, ошондой эле экстремисттик материалдарды таратуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 330, 331 жана 332-беренелеринде каралган кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн